Адылбек Касымалиев Кыргызстан Россияга каршы санкцияларды колдобой турганын билдирди

Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Кыргызстан Орусияга каршы санкцияларды колдобой турганын билдирди. Бул тууралуу Россия Федерациясынын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Адылбек Касымалиев “Взгляд на Восток” Telegram-каналынын өкүлдөрү менен маектешип, америкалык жана европалык сооданын жана инвестициянын Кыргызстандын экономикасындагы үлүшү өтө аз болгондуктан, экинчи даражадагы санкцияларды киргизүү республикага таасир тийгизбей турганын түшүндүрдү. Анын айтымында, Россия Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү бойдон калууда.

«Өткөн жылы биз соода жүгүртүүнү 40 пайызга көбөйттүк. Бул жылы да биз сооданы мындан ары да көбөйтүүнү көздөп жатабыз, бул региондун энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Биз бир тууган Россия менен мамилени мындан ары да өнүктүрөбүз. Кыргызстанда орусиялык бизнеске атаандаштыктан башка эч кандай тоскоолдук болбойт. Биз бардык форматтарда кызматташабыз”,-деди Адылбек Касымалиев.