Кыргыз-казак чек арасында узун кезектин себеби айтылды

Казакстандын Россия, Кыргызстан жана Өзбекстан менен чектешкен жеринде адамдардын жана транспорт каражаттарынын узун кезеги жаралды.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети мындай көрүнүштүн себебин түшүндүрдү.

Тактап айтканда, казак-орус чек арасындагы «Кайрак»–«Бугристое» жана «Сырым»–«Маштаково» көзөмөл-өткөрүү пункттарында, казак-кыргыз чек арасындагы «Карасу»–«Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү пунктунда, казак-өзбек чек арасындагы «Жибек жолы»–«Гишт-Куприк», «Казыгурт»–«Ташкент», «Атамекен»–«Гулистан» көзөмөл-өткөрүү пункттарында адамдар жана транспорт каражаттары көп болууда.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети мындай кырдаалга көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы оңдоп-түзөө иштери, мөмө-жемиш бышкан убакка байланыштуу жүк ташуу көбөйгөнү жана туристтердин саны да арбыганы себеп болуп жатканын билдирди.