Айдоочу кайгуул кызматкерин терезесине кыпчып артка, алдыга айдап, жерге түшүп калганда качып кеткен

Социалдык тармактарда инспекторлорго баш ийбеген айдоочунун видеосу жарыяланды.

Ал кайгуул кызматкерин терезесине кыпчып артка, алдыга айдап, жерге түшүп калганда качып кеткен. Анын шериги да жардам бере алган жок.

Бул тууралуу окуя 23-августта Ош облусунун Өзгөн районунда катталганын ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган айдоочу кармалып, райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген жана 15 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган. Ал эми унаа айып аянтчасына токтотулган.