Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды

Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдиришти.

Жабырлануучунун айтымында, 8-августта борбор калаадагы базарлардын биринде анын сумкасынан 37 миң 400 сомун уурдап кетишкен.

Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен катталган.

Свердлов РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан “Чөнтөк уурулукка жол жок” рейдинин жүрүшүндө кылмышка шектүү 1977-жылы туулган С.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 

Учурда тергөө иштери уланууда.