№53 Жазаларды аткаруу мекемесинин жетекчисинин ыкчам иштер боюнча орун басары кармалды

Жалал-Абадда КР Юстиция министрлигине караштуу №53 Жазаларды аткаруу мекемесинин жетекчисинин ыкчам иштер боюнча орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

348ebd85 c6af 4f45 9b5f 5f9cc75e8cd0 №53 Жазаларды аткаруу мекемесинин жетекчисинин ыкчам иштер боюнча орун басары кармалды

Маалыматка ылайык, 17-августта Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, арыз ээсине 25 миң сом акча каражатын кайтарып берүү учурунда КРнын Адилет министрлигине караштуу №53 ЖАМ мекемесинин ыкчам бөлүмүнүн башчысы “И.А.С.” кармалган. 

0c29ac0b c397 416c bd46 d7da2f2b445f №53 Жазаларды аткаруу мекемесинин жетекчисинин ыкчам иштер боюнча орун басары кармалды

Аныкталды: 2023-жылдын июнь айында аталган мекеменин кызматкери И.А.С. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу жазаларды аткаруу мекемесине кызматка орноштуруу үчүн “З.Д.З” аттуу жарандан 40 миң сом сураган жана алдын ала төлөм түрүндө 25 000 сом алган. Бирок, убакыт өткөндөн кийин, И.А.С. иш менен камсыз кылуу, ошондой эле мурда алынган каражаттарды кайтарып берүү маселесин талкуулоо аракетин ар кандай жолдор менен жокко чыгарып, арыз ээси “З.Д.З.” менен байланышты токтоткон.

a9e84e65 8d7a 4ff4 9d76 fe7e7780ae00 №53 Жазаларды аткаруу мекемесинин жетекчисинин ыкчам иштер боюнча орун басары кармалды

Учурда кармалган кызматкер КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.