Улуттук онкология борборунда сүт безинин рагын диагностикалоо жана дарылоо боюнча “алтын стандарт” киргизилди

Улуттук онкология жана гематология борборунда сүт безинин рагын диагностикалоо жана дарылоо боюнча “алтын стандарт” киргизилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдан бери Улуттук онкология жана гематология борбору сүт безинин рагын диагностикалоонун жана дарылоонун заманбап жогорку маалыматтуу ыкмасы болгон “Трепанобиопсияны” колдонууда. “Трепанобиопсия” залалдуу шишиктин гистологиялык түзүлүшүн аныктоо үчүн “алтын стандарт” болуп саналат, ошондой эле дарылоо тактикасын аныктайт. Бул ыкманын сезгичтиги 100%ды түзөт.

Борбордун онколог дарыгерлери атайын окуудан өтүп, Россия элдеринин достугу университетинин Медициналык институтунун (Москва) үзгүлтүксүз медициналык билим берүү факультетинин сертификатына ээ болушту.

Улуттук онкология жана гематология борборунда сүт безинин рагын диагностикалоонун жаңы ыкмасы маммография, ичке ийнелүү аспирациялык биопсия жана УЗИ сыяктуу күнүмдүк стандарттар менен бирге жана процедура УЗИ же рентген маммографиясынын көзөмөлүндө жергиликтүү анестезия астында жүргүзүлөт.

2022-жылы трепанобиоптаттардын негизинде 376 изилдөө жүргүзүлүп, анын 236 учурунда рак бар экени аныкталган (2021-жылы 399 изилдөөнүн ичинен 303-рак табылган).

Мындан тышкары, онко-маммологдор бейтаптарды дарылоо үчүн жаңы тактиканы киргизишти:

– дарылоону тандоодо жекелештирилген (индивидуалдык) мамиле;

– онкология жаатындагы эксперттердин мультидисциплинардык мамилеси (кеңеши);

– пациенттин толук абалын эске алуу (эстроген гормондорунун рецепторлору, прогестерон, HER 2 экспрессиясы, KI-67 деңгээли, оорунун стадиясы, оорунун жүрүшү, менопауза ж.б.).

Онкологияда киргизилген сүт безинин рагын диагностикалоо жана дарылоо боюнча заманбап ыкма өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 30-январдан баштап бир жумага созулган Бүткүл дүйнөлүк рак менен күрөшүү күнүнө карата 25 жаштан 60 жашка чейинки аялдар арасында “Жатын моюнчасынын жана сүт безинин рагын аныктоо жумалыгы” өттү. Бардык каалоочулар үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда сүт безин, жатын моюнчасын текшерүүдөн жана кольпоскопиядан бекер өтүүгө мүмкүнчүлүк алышты.