Менингит оорусунан чарчап калган наристе боюнча министрлик эмне дейт?

Бишкек шаардык балдар ооруканасында менингит оорусунан бир жаштагы наристе чарчап калган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги окуянын чоо-жайын айтып берди. Балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мамановдун берген маалыматына караганда, 23-февраль күнү саат 17:30да 1 жаш 1 айлык бейтап А.Э оор абалда ооруканага түшкөн.

«Бейтап оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Баланын абалынын оордугун эске алып, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын инфекционисттери шашылыш консультацияга чакырылып, алар «Менингококк инфекциясы, генерализацияланган түрү» диагнозун тастыкташкан. 

Комплекстүү реанимациялык иш-чараларга карабастан, бала 23-февраль күнү саат 23:50дө ооруканага түшкөндөн 6 сааттан кийин каза болгон», — деп айтылат маалыматта.