Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Илияз Иманбетов Караколдогу аэропортту куруп жатып мерт кеткен жумушчулардын үй-бүлөлөрүнөн кабар алды. Бул тууралуу аталган облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Иманбетов маркумдардын жакындарына көңүл айтып, аларга жана жабыркаган жарандын үй-бүлөсүнө мамлекет тарабынан тиешелүү жардам көрсөтүлөрүн билдирди.
Облус башчысы ошондой эле кырсыкта жараат алган Адылбек Осмоновдун абалынан кабар алды. Ал учурда Ысык-Көл облустук ооруканасынын травматология бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы туруктуу.
Эске салсак, кечээ Ысык-Көл облусундагы “Каракол” эл аралык аэропортун куруп жаткан үч адамды металл конструкция басып калып, экөө мерт кеткен. Социалдык тармактарда маркумдардын жакындары чогулуп, президентке кайрылуу жолдошкон.
![352211514 813699183195060 6373211172764609177 n 1024x768 1 Каракол аэропортундагы кырсыкта каза болгондордун үй-бүлөсүнө жардам берилет](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/06/352211514_813699183195060_6373211172764609177_n-1024x768-1.jpg)