Украинадагы каза болгон жигиттердин сүрөтү жарыяланды

Ушул жылдын январь айынын аягында бирөөсү 26, ал эми экинчисине болгону 24 жашка чыккан, орус түрмөсүндө отуруп, Украинадагы согуштан каза болгон өзбек жарандарынын сөөгү мекенине алынып келинди.

Маалым болгондой, Бабур Абдумуминов менен Шахриёр Жалолов Өзбекстандын Украинадагы согушта каза болгон расмий түрдө жарыяланган алгачкы жарандары.

Азыркы учурда алар согуш талаасына кантип барып калгандыгы жана кайсы айып менен абакта отургандыгы такталууда.