Орозайым Нарматова 20-апрелге чейин үй камагында болот

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова 20-апрелге чейин үй камагында болот. Мындай чечимди бүгүн, 15-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жыйындан кийин 23-24-октябрда жыйырмадан ашуун саясатчы, активист кармалган.

Ички иштер министрлиги аларды жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган деп айыптоодо жана жетиштүү далил бар экенин билдирген.

27-октябрда Нарматова Москва шаарынан кармалганы кабарланып, активист Илгиз Шаменов менен бирге Бишкекке жеткирилген.

Кийин Нарматова ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.