Теңгиз Бөлтүрүктүн уулу Алмаз үй камагына чыкты

Чүй облусунда милиция тарабынан 10-июнда кармалган Теңгиз Бөлтүрүктүн уулу (Алмаз Теңгиз уулу) үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, шектүү А.Т. (Алмаз Теңгиз уулу) Аламүдүн райондук соттун чечими менен 2 айга үй камагына алынган. 30-июнда анын иши райондук сотко өткөрүлүп берилген.

Соттук териштирүү жүргөн учурда ал үй камагында болот.

Белгилей кетсек, 10-июнда 35 жаштагы А.Т. «ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренеси боюнча кармалган. Аталган жаран Теңгиз Бөлтүрүктүн уулу экенин кабарланган.

Милициянын маалыматы боюнча, укук коргоо органдарына «А.Г.» аттуу фирманын өкүлү кайрылган. Ал арызында билдиргендей, А.Т. аттуу жаран супервайзер болуп иштеп жүрүп, 274,3 миң сомдук продукцияны алып, аны саткандан кийин акчаны кассага төкпөй изин жашырып кеткен.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул иш боюнча шектүү катары А.Т. аттуу жаран кармалган.