Милиция кызматкерин сабоого шектелип кармалган төрт жаран үй камагына чыкты

Бишкекте милиция кызматкерин сабоого шектелип кармалган төрт жаран үй камагына чыгарылды.

Маалыматка караганда, Ленин райондук соттун чечими менен 23 жаштагы Э.А., Ш.А., К.Р. жана 24 жаштагы Б.Б. аттуу жарандар үй камагына чыгарылган.

Эске салсак, 7-майда «102» кызматына Жал кичирайонунда, Тыналиев көчөсүндө мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине милиция кызматкерлери барып, К.М. аттуу жаран сабалганы белгилүү болгон (милиция кызматкери). Ал тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Анын баш мээси чайкалып, буту сынган.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары төрт адам кармалган.

MyCollages 14 Милиция кызматкерин сабоого шектелип кармалган төрт жаран үй камагына чыкты