УТРК уюштурган кастингдин жеңүүчүлөрүнүн бир айлык окуулары аяктады

Жаңыланууга багыт алган Улуттук телерадио жаңы жүздөрдү тандап уюштурган кастингдин жеңүүчүлөрүнүн бир айлык окуулары ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Жеңүүчү деп тандалган 20 катышуучунун 16сы 20-майда, башкы директордун кабыл алуусунда болуп, тажрыйба топтоого жана окуу курстарына активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык барактарын алышты.  

Башкы директор Болотбек Тиллебаевдин тапшырмасы менен кастинг жеңүүчүлөрүнүн ар бири жөндөмүнө жараша редакцияларга бөлүнүп,  аларга атайын жетекчилер бекилип, окуу борбору тарабынан тиешелүү окуулар уюштурулуп турду. Бир ай ичинде телерадионун түйшүгүнө чыдай турган жеңүүчүлөр ыргалып, бүгүн алардын бүтүрүү сааты болду.

Кастингдин катышуучуларына ак жол каалаган башкы директор Б.Тиллебаев аларга чоң жоопкерчиликтер артылганын, УТРКнын мындан аркы тарыхын улап кете алган кадрлар болуп тарбияланып, тапталып чыгаарына ишенимин билдирди.

Бир ай бою телерадиодо иштөөнүн сырлары менен белгилүү алып баруучулар, журналисттер Байма Сутенова, Молдосейит Мамбетакунов, Сталбек Дюшалиев, Таалайкүл Сыдыкбекова, Чынар Капарова, Алмаз Касымалиев, Эльвира Сатыбекова, Нуркыз Караевалар бөлүшүп, жаш кадрлардын кесиптик билимдерин жогорулатууга салым кошушту. 

Кастингде жеңүүчү болуп, бир ай УТРКнын ысыгы менен суугун таткан 16 бүтүрүүчү Улуттук телеканалдын эфиринен чыгып, радиодо үңдөрү жаңыра баштайт. Ар бири талантына, шыгына жана каалоосуна жараша маалыматтык, балдардын жана жаштардын, спорттук, маданий, көңүл ачуучу ж.б. жанрдагы программалардын алып баруучулары, кабарчылары болуп расмий иштөө укугуна ээ болушту.

AAAAE020 2BD0 427A 8360 944C7DD675AA УТРК уюштурган кастингдин жеңүүчүлөрүнүн бир айлык окуулары аяктады
C9346A22 897D 47C5 A07E AB0EF2816E36 УТРК уюштурган кастингдин жеңүүчүлөрүнүн бир айлык окуулары аяктады
D3F6B86E B3C9 45B9 AEE3 646BD81464B6 УТРК уюштурган кастингдин жеңүүчүлөрүнүн бир айлык окуулары аяктады
60C9E9F1 F2DA 4D11 8E51 5E9259B7C064 УТРК уюштурган кастингдин жеңүүчүлөрүнүн бир айлык окуулары аяктады
ktr zha УТРК уюштурган кастингдин жеңүүчүлөрүнүн бир айлык окуулары аяктады