Би-Би-Си: Бөтөн жердеги бөөдө өлүм

Би-Би-Си Кыргыз кызматы Орусиядан Украинадагы согушка тартылып, курман болгон кыргызстандыктар тууралуу иликтөө жарыялады. Анда согушка каза болуп, бирок аты-жөнү ачыкка чыкпай калган 13 кыргызстандыктын тууралуу айтылат. Алардын жетөөсүндө кыргыз паспорту болсо, бешөө орус жарандыгын кийинчерээк алышкан. Ал эми бирөөсүндө кош жарандуулук болгондугу аныкталган.

Согушка тартылгандардын ичинен үчөө орус армиясы менен келишим түзүп, фронтко кетишсе, тогузу “Вагнер” жеке аскердик компаниясы аркылуу, бири Чеченстандын армиясы менен согушка кеткен. 

Би-Би-Синин иликтөөчү журналисттери Украинада курман болгондордун ар биринин окуясын чогултуп чыккан. Алардын ичинен “Вагнер” менен согушка кеткендер уурулук, зордуктоо, адам урдоо, талап-тоноочулук, баңгизат ташуу, киши өлтүрүү сыяктуу оор беренелер менен соттолгондор болгон.

Алардын көбү согушка кеткени тууралуу жакындарына айтышкан эмес. Тек гана алты айдан кийин гана телефон чаларын айтышкан. Бирок, мурдагы абактагыларды кайсы мыйзамдын жана укуктук механизмдин негизинде вагнерчилердин башчысы актап салып жаткандыгы азырынча коомчулукка түшүнүксүз экендиги айтылат. Мындай акталган жана тирүү кайтып келгендердин ысымдары дагы ачыктала элек. «Вагнер» компаниясы аркылуу 2022-жылы абактан согушка тартылып, курман болгондордун саны ачык маалымат булактарына сегизөөнүн гана аты аталып келген. Ал эми иликтөөчү журналисттер согушка тартылган мындан башка дагы тогуз жаранды табышкан.

Ачык маалымат булактарына ылайык, 12 кыргызстандык өз эрки менен Орусиянын Коргоо министрлиги аркылуу келишим түзүп, Украинадагы согушка тартылып курман болгон. Би-Би-Си Кыргыз кызматы өз алдынча иликтөөсүндө дагы үч жаранды тапкан. Анын бирөөсү Кыргызстандын жараны, кыргыз милициясынын мурдагы тергөөчүсү экендиги айтылат. Журналисттер маркумдун жакындарынын өтүнүчү менен анын аты-жөнүн ачыктаган эмес. Маркумдун кош жарандуулугу болгон. Орус армиясы менен кеткен экинчи Тагай уулу Самат аттуу Кыргызстандын жараны.  Ал согуш талаасына эки ирет барган. Биринчисинде жарым жылдан кийин аман-эсен келип, экинчи барганында курман болгон. 

Орус армиясы менен кеткен үчүнчү Жолдошбек Мукамбетов аттуу Кыргызстандын мурдагы жараны. Орусияга кеткенден бери 30 жылга чукул дайынсыз болуп кеткен. Туугандары “Жди меня” жана башка түрдүү жолдор менен издеп отуруп, тапкандарына эки гана жыл болгон. Согушка кеткенден кийин, эки аптадан кийин курман болуп, сөөгү Орусияда өзү жашап калган Владимировка шаарында коюлган.

Би-Би-Синин жүргүзгөн иликтөөсүнө ылайык, бүгүнкү күнгө чейин жакындары уга элек, сөөгү Украина менен чектеш аймакта көмүлүп жаткан дагы учур бар. Ал эми Би-Би-Синин орус кызматы Россия армиясынын жоготууларын тизмектеп чыккан. Алардын арасында аты-жөнүнө карап, кыргызстандык болушу ыктымал деп боолголой турган ондогон мисалдар бар экендиги айтылат. Чоо-жайын сүрүштүрө келгенде теги казак, кыргыз, кавказ тектүүлөр, башкырлар бар. Бахмутта тартылган айрым сүрөттөрдө “Вагнерге” тийиштүү жалданма аскерлердин сөөктөрү киши таанылгыс абалга чейин жатып калганын көрүүгө болот. Алардын айрымдарын жүзүнөн таанууга мүмкүн болбой калса, айрымдарынын дене мүчөлөрү жок.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы Элчилик аркылуу мекендешерге согуштук аракеттерге катышпоо боюнча активдүү иш алып барып жатабыз деген менен, согушта канча кыргызстандык курман болгондугу тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.