Гуля Кожокулова: Орусияда avito.ru жарнама сайтында Кыргызстандын паспорту ачык эле сатылууда

Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова Орусияда avito.ru жарнама сайтында Кыргызстандын паспорту ачык эле сатылып жатканын айтты.

Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин 18-майдагы жыйынында маселе көтөрүп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти чара көрүүгө чакырды.

«Бул нонсенс. Демек Кыргызстандын жарандыгы сатылып калыптыр да. Биздин атайын кызмат кайда? Санариптик өнүктүрүү министрлиги эмне менен алектенип жатат? Биздин паспорттор ар кайсы жерде сатылгандыктан дайыма ызы-чуу болот. Эми коммерциялык максатта сатыла баштаптыр», – деди депутат.