“Чыныгы атын билбей жүргөн”: Николай Дядкинге паспорт тапшырылды

23-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин атына Николай Дядкин Кыргыз Республикасынын улуттук паспортун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. 

Аталган кайрылууда Николай Дядкин, ата-энесинен эрте ажырап, чыныгы атын билбегендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын паспорттору менен документтештирилбегендигин билдирген.

Буга байланыштуу, УКМК органдары Николай Дядкиндин инсандыгын аныктоо боюнча бир катар иш-чараларды жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында, келип түшкөн архивдик материалдардын негизинде, улуту орус, 1991-жылы Бишкек шаарында туулган, Казейкин Николай Николаевич экендиги, ата-энеси чындыгында эле эрте каза болгондугу аныкталган. Учурда үй-бүлөлүү, бир кызы бар.

Бүгүн, 12-июнда УКМКнын төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын идентификациялык (ID) картасын жана жалпы жарандык паспортун жеке өзү Николай Николаевич Казейкинге тапшырды.

83e4882c 5965 436e a6cd 1e3bae5b033c "Чыныгы атын билбей жүргөн": Николай Дядкинге паспорт тапшырылды