Маркум актёр Азиз Мурадилаевди жубайы эскерди: “45 жашка чыкмак…”

КРдин эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаевдин көзү тирүү болгондо бүгүн, 12-июнда 45 жашка чыкмак.

Актёрдун жубайы Эльвира Жумалиева жолдошун эскерип, социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

«Азизим менин, бүгүн тирүү болгонуңда 45 жашка чыкмак экенсиң, аттиң ай, айла жок. Кудайым маңдайга жазганды көрөт экенбиз, курандан башка айла жок экен. Жаткан жериң жайлуу болсун! Курандан башка айла жок. Азиз, сен дайым менин жүрөгүмдөсүң», — деп жазды ал.

Азиз Мурадилаев 2022-жылдын 17-декабрында узакка созулган оорудан көз жумган. Ал кыргыз киносу жана театрында көптөгөн ролдорду жаратып, өзгөчө «Курманжан датка» тасмасында Алымбек датканын ролу менен элдин эсинде калган.