Таласта каракчылык кылган шектүү кармалды

Бул тууралуу Вulak.kg редакциясына Талас ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.


Маалыматка караганда, ушул жылдын 8-март күнү Талас шаарынын 1978 ж. т. М.С аттуу жаранды сабап,күч колдонуу менен “REDMI/5” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана акча каражатын коркутуп алып кетишкендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган факты Талас ШИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыккан.


“КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул кылмыштын бетин ачуу максатында атайын жумушчу топ түзүлүп, иликтөө иштери жүргүзүлдү. Талас ШИИБдин кызматкерлеринин ыкчам иш алып баруунун негизинде Талас шаарынын тургундары жана 1978-ж т А. Т. жана 1979 ж.т У.Т. жарандар кылмыш жасаган учурда мас абалында экендиги аныкталган. Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат”, – деп айтылат маалыматта.