УКМК: Бишкектин тургундары «Хизбут-Тахрир» идеологиясынан баш тартты

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарды аныктоо жана бөгөт коюунун алкагында Кыргыз Республикасында тыюу салынган жана салттуу эмес диний агымдардын жактоочулары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу пробация департаменти менен бирдикте мүчөлүктөн чыгаруу боюнча иш-чаралар улантылууда.

Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында, ДЭУго катышкандыгы үчүн сот органдары тарабынан мурда соттолгон жана пробация көзөмөлүндө турган Кыргыз Республикасынын жарандары, Бишкек шаарынын тургундары К.Н.Т. жана К.Б. “Хизбут-Тахрир” ДЭУнан баш тартышты.
Жогорудагы жарандар өздөрү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, жарандарды Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган ар кандай диний-экстремисттик уюмдардын мыйзамсыз чакырыктарына алдырбоого чакырышты.


“УКМК тарабынан тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын катарына жаңы тарапкерлердин тартылышын алдын алууга багытталган профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча тынымсыз иштер улантылууда.
КР УКМК жарандарды КР аймагында тыюу салынган ДЭУ жана ЭТУ иштерине аралашпоого чакырат жана ушуга окшош жагдайларга туш болгон учурда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жана тиешелүү казыяттарга кайрылууга чакырат””, – деп айтылат маалыматта.

527a7f6a f895 4cf3 a392 e18feb5bac91 УКМК: Бишкектин тургундары «Хизбут-Тахрир» идеологиясынан баш тартты