КР КМ маалыматтык камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 23-июлунда 10128 аскер бөлүгүнүн базасында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын жана Өзбекстан Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын атайын багыттагы аскерлеринин жана инженердик-сапердук түзүмдөрдүн биргелешкен атайын-тактикалык “Достук – 2023” сабактарынын жана тренингдеринин ачылыш аземи болуп өттү.
“Биргелешкен атайын-тактикалык сабактар жана тренингдер 2023-жылдын 23-июлунан 2-августуна чейин 20636 а/б “Эдельвейс” окуп-машыгуу борборунда өтөт.
Бир жума ичинде биздин аскер кызматчылар өзбек коллегалары менен атайын багыттагы түзүмдөрдүн даярдыктарын үйрөнүшөт. Андан тышкары, планга ылайык атайын-тактикалык даярдык, тоо даярдыгы, ок атуу, байланыш боюнча жана башка сабактар уюштурулуп, инженердик-сапердук түзүмдөр үчүн атайын даярдык сабактары уюштурулат”, – деп айтылат маалыматта.
![9b5d51df 96fb 4b45 9d0f 6881ce977672 "Достук - 2023" сабактарынын жана тренингдеринин ачылыш аземи болду](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/07/9b5d51df-96fb-4b45-9d0f-6881ce977672.jpeg)
![fc32d145 da69 40af 85fc c600ec6f91c2 "Достук - 2023" сабактарынын жана тренингдеринин ачылыш аземи болду](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/07/fc32d145-da69-40af-85fc-c600ec6f91c2.jpeg)