Ниязбеков Улуттук гвардиянын аскерлеринин федералдык кызматынын Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын иши менен таанышты

Улан Ниязбеков Улуттук гвардиянын аскерлеринин федералдык кызматынын Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын иши менен таанышты

WhatsApp Image 2022 06 16 at 15.34.03 Ниязбеков Улуттук гвардиянын аскерлеринин федералдык кызматынын Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын иши менен таанышты

Иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков жана аны менен бирге барган ИИМдин өкүлдөрү Россия Федерациясынын Улуттук гвардиясынын аскерлеринин федералдык кызматынын Москва шаары боюнча башкы башкармалыгына барышып, имараттын материалдык-техникалык жабдуулары менен таанышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Россия Федерациясынын Улуттук гвардиясынын аскерлеринин федералдык кызматынын Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын начальниги полициянын генерал-лейтенанты Михаил Воробьев заманбап техникалык каражаттарды көрсөтүп, ар кандай бөлүктөрдүн аткарган тапшырмаларынын өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берди. Ар бир бөлүктүн негизги максаты – коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, анын ичинде ар кандай иш-чаралар учурунда тартипти сактоону камсыздоо, өзгөчө маанилүү объекттерди, жашоо-тиричиликти камсыз кылган объекттерди коргоо экени белгиленгенди.


Кыргызстандын ИИМдин өкүлдөрү Росгвардиянын аскер кызматчыларынын жана кызматкерлеринин курал-жарактар жана атайын техникалар, байланыш жана автоматташтыруу каражаттары менен жабдылышынын заманбап үлгүлөрү менен таанышышты.
“Россия Федерациясынын Улуттук гвардиясынын аскерлеринин федералдык кызматы күчтүү кадрдык жана техникалык потенциалга жана кырсыктарга ыкчам жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мыкты жабдылган жана мобилдик бөлүмдөрү бар. Анын ичинде коомдук коопсуздукту камсыздоо жана маанилүү мамлекеттик объектилерди, лицензиялык-уруксат берүү тутумунун чөйрөсүн коргоо боюнча көптөгөн милдеттерди аткарат.
Мунун баарын эске алуу менен биз сиздин ведомствонун мүмкүнчүлүктөрү, укук бузууларга каршы күрөшүү практикасы менен таанышууну көздөйбөйбүз. Андан сырткары, ыкчам кызматтык ишмердүүлүктү жакшыртуу, лицензиялык-уруксат берүү тутуму боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүү тармагында тажрыйба алмашуу жана маанилүү мамлекеттик объектилерди кайтаруу боюнча кызматтык ишмердүүлүк менен таанышкыбыз келет”, – деп баса белгиледи ички иштер министри Улан Ниязбеков.
Ошондой эле, жолугушууда билим берүү жана кадрларды даярдоо жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралды. Анткени Россия Федерациясынын Улуттук гвардиясынын аскерлеринин федералдык кызматынын күчтүү жогорку окуу жайлары бар. ИИМдин башчысы биздин кызматкерлерди, аскер кызматчыларын, курсанттарды даярдоого жана кайра даярдоого, квалификациясын жогорулатууга кызыктар экенин билдирди.
Ошондой эле ал Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги укук коргоо ишинин бардык багыттары боюнча Россия Федерациясынын Улуттук гвардиясынын аскерлеринин федералдык кызматы менен кызматташууну мындан ары бекемдөөгө жогорку маани берерин белгиледи.

WhatsApp Image 2022 06 16 at 15.34.02 Ниязбеков Улуттук гвардиянын аскерлеринин федералдык кызматынын Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын иши менен таанышты
WhatsApp Image 2022 06 16 at 15.34.03 1 Ниязбеков Улуттук гвардиянын аскерлеринин федералдык кызматынын Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын иши менен таанышты
WhatsApp Image 2022 06 16 at 15.34.05 Ниязбеков Улуттук гвардиянын аскерлеринин федералдык кызматынын Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын иши менен таанышты
WhatsApp Image 2022 06 16 at 15.34.03 2 Ниязбеков Улуттук гвардиянын аскерлеринин федералдык кызматынын Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын иши менен таанышты
WhatsApp Image 2022 06 16 at 15.34.06 Ниязбеков Улуттук гвардиянын аскерлеринин федералдык кызматынын Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын иши менен таанышты

ИИМдин Басма сөз кызматы