Тазабек Икрамов окуучуларга телефон колдонууга тыюу салууну жана калпак кийүүнү сунуштады

16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов мектептерде сабак болуп жаткан учурда окуучуларга телефон колдонууга тыюу салууну сунуштап, бул демилге “Жаңы окуу жылдын башталышында ишке ашабы?” деп билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевден сурады.

Министр өз кезегинде бул сунуш сентябрь айынан тарта ишке ашарын айтып, окуучулар сабак учурунда телефон колдонбошу керектигин айтты.

Депутат ошондой эле, ар бир класска видео көзөмөл орнотуу керектигин айтса, министр “видео камералар кымбат экенин жана бул үчүн донорлорду жана демөөрчүлөрдү тапканга аракет кылып жатышканын айтты.

Мындан тышкары, Тазабек Икрамов мектептерге комуз чертүүнү үйрөтүү боюнча сабак киргизүүнү сунуштап: “Жакында мен мыйзам жазып жатам. Ага ылайык, биздин окуучу кыздар-балдар үчүн улуттук кийим жана баш кийимди мектептин бирдиктүү формасына киргизүүнү сунуштайт элем. Мыйзам долбоор жакында коомдук талкууга чыгарылат”, — деди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев дагы мектеп формасы боюнча маселе көтөргөн.