Каналга түшүп кеткен үч жашар бугу куткарылды

0
17

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жергиликтүү тургундар жана Жаратылыш ресурстар министрлигинин инспекторлору үч жашар бугуну каналдан алып чыгышты.

Ведомстводон билдиришкендей, бугулар Долон жана Тогуз-Булак айылдарынын ортосундагы Түп каналына түшүп, өз алдынча чыга албай калган.

Бугуну жылытып, ветеринарияга алып барышкан. Ветеринардык дарыгерге жеткирилгенден кийин бугу Каракол шаарындагы зоопаркка жеткирилген.