Велосипедчен адам маршрутканын эшигин сүзүп алган: Айдоочу айыпка жыгылды

Кечээ, 15-июнда саат 15:30дар чамасында борбор калаанын Ахунбаев менен Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган.

cc38f8a4 0061 4138 a2ac Велосипедчен адам маршрутканын эшигин сүзүп алган: Айдоочу айыпка жыгылды

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, №132 маршруттук таксинин айдоочусу туура эмес жерден жүргүнчүлөрдү түшүргөн. Ал учурда велосипедчен адам маршрутканын эшигин сүзүп алган. Айдоочу окуя болгон жерден кетип калган.

Окуя боюнча велосипед айдаган жаран кайгуул кызматына арыз менен кайрылган.

Жол кырсыгына себепкер болгон №132 маршруттук таксинин 39 жаштагы М.М. аттуу айдоочусу тергөө кызматына өткөрүп берилген.

Унаа айып аянтчасына киргизилген.