Бийликти басып алууга белсенген беш кишинин бирөө үй камагына чыгарылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «бийликти күч менен басып алуу аракетин көргөн» деген айып менен кармаган беш кишинин төртөө эки аптага камакка алынып, бирөө үй камагына чыгарылды.

Алардын бөгөт чарасы бүгүн 7-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралганын бул мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Сот УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн Роза Нурматованы, Гүлжигит Исаковду жана дагы эки кишини 21-июнга чейин атайын кызматтын тергөө абагына камоо тууралуу өтүнүчүн канааттандырды.

Жапырт протест жана масштабдуу башаламандык акцияларын уюштуруп, натыйжада бийликти күч менен басып алууга бир жылдан бери жашыруун даярдык көрүп жүргөн адамдар тобу аныкталганын, алардын башында “Элдик кеңеш” саясий партиясынын төрайымы Роза Нурматова турганын, чогултулган аудио жана видео материалдардын негизинде кылмыш иши козголгонун УКМК 6-июнда билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, бул топко ар кайсы аймактардан 100дөй адам тартылган, 5-июнда 30дан ашууну УКМКга суракка чакырылып, алардын бешөө кармалган.