Катардын эмири кыргыздын салты менен таанышты

 Садыр Жапаров менен Катар мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани бүгүн, 7-июнда, “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында Катар Мамлекетинин Эмиринин өлкөгө жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында уюштурулган этномаданий программа менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, өлкө башчыларын жаратылыш паркында төкмө акындар, “Алп” баатырлар жана “Аталар изи” аттуу улуттук кийимчен кыздар тосуп алышты.

Кол өнөрчүлөр аллеясынан Президенттер көчмөн элдин өзгөчөлүгү чагылдырылган боз үйлөрдүн инсталляцияларында кыргыз элинин улуттук каада-салттары, кол өнөрчүлөрдүн устаканаларда буюм-тайым жасап жаткандары менен таанышып, кыргыздын улуттук тамак-аштарынан даам татышты.

Этномаданий программанын алкагында меймандарга «Аталар изи» кыргыз улуттук кийимдер коллекциясынын көргөзмөсү тартууланып, бүркүтчүлөрдүн, жаачылардын жана тайганчылардын катышуусунда «салбуурун» салттуу мергенчилигинин элементтери көрсөтүлдү.

Ошондой эле мамлекет башчылары Ч.Исабаев атындагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин коллективинин аткаруусунда түрдүү жанрдагы чыгармаларды, эки өлкөнүн музыкаларын угушту.

352389367 210782978448905 6327775829948865826 n Катардын эмири кыргыздын салты менен таанышты
352534455 218126154362054 7353298681672976850 n Катардын эмири кыргыздын салты менен таанышты
352514690 1302106473713027 8620738645903989583 n Катардын эмири кыргыздын салты менен таанышты

352353758 1226314158061780 5033349198165429378 n Катардын эмири кыргыздын салты менен таанышты
352191260 238545125562207 4067388805186272040 n Катардын эмири кыргыздын салты менен таанышты
352173121 1455083961986914 5305363997438103666 n Катардын эмири кыргыздын салты менен таанышты
352226579 792670932422341 1453175800328245897 n Катардын эмири кыргыздын салты менен таанышты
352171359 637424428280840 5091796351380059374 n Катардын эмири кыргыздын салты менен таанышты
352091707 647244370185317 2521512189854989264 n Катардын эмири кыргыздын салты менен таанышты
352176497 784435476682707 7238583456217518912 n Катардын эмири кыргыздын салты менен таанышты
352092109 184394637922670 5807335932112773772 n Катардын эмири кыргыздын салты менен таанышты