Облустук телеканалдарда иштегендерге 3 айдан бери айлык берилбей жатат

Аймактык телекомпаниялардын кызматкерлери үч айдан бери маяналарын ала элек. Бул тууралуу депутат Бактыбек Чойбеков парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, облустук телеканалдар үч ай мурда УТРКнын базасына бириктирилген.

«Үч айдан бери журналисттер, операторлор жана башка кызматкерлер айлыктарын ала элек. Мындай абал бир эле Таласта эмес, бардык аймактарда бар. Элдин кредити бар, ижара төлөш керек, көбү азыр карызга батып отурат. Биз реформалар жөнүндө айтып жатабыз, бирок акча төлөбөй, айлык акыны азайтууга болбойт. Ушуга көңүл буруңуз, урматтуу спикер», — деди Бактыбек Чойбеков.