ВИДЕО: Таш-Көмүр шаардык кеңештин эки депутаты кармалды

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин эки депутаты пара алууга шек саналып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-майда шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Б.С.С. менен депутат С.Н.А. 25 миң сом алып жаткан жеринен колго түшкөн.

«Алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисин ар кандай текшерүүлөрдү уюштуруп, ээлеген кызматына шайкеш келтирүү маселесин шаардык кеңештин отурумуна алып чыгарын айтып коркутуп, акча талап кылганы аныкталган. Бул аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, айып тагылган. Соттун чечими менен бул депутаттар УКМКнын тергөө камак жайына эки айга камакка алынып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

whatsapp image 2023 06 07 at 14 58 10 1 ВИДЕО: Таш-Көмүр шаардык кеңештин эки депутаты кармалды
izobrazhenie 2023 06 07 155018490 ВИДЕО: Таш-Көмүр шаардык кеңештин эки депутаты кармалды