Суунун тартыштыгы. Арча-Бешик конушунун тургундары жолду тосушту

Бишкек шаарында таза суу жетишсиз болугондугунан улам аталган конуштун жашоочулары Түштүк Магистраль жолун тосушту.

Буга чейин ЖК депутаты Дастан Бекешов тургундар жолду буушу мүмкүн экендигин парламентте билдирген.

Суунун жетишсиздигинен улам 100гө жакын объект таза суудан өчүрүлгөн.

Ленин районунда 35 объект ишмердүүлүгүн токтотту. Буга чейин аталган райондо 48 объект суудан өчүрүлгөн.

Октябрь районунда 11 объект ишмердүүлүгүн токтотту.

Булардын баары унаа жуучу жайлар жана мончолор.