Садыр Жапаров Астанага барды

Садыр Жапаров 7-июнда, Эл аралык Астана форумуна катышуу үчүн Астана шаарына (Казакстан Республикасы) иш сапары менен барды.

Мамлекет башчынын борту Нурсултан Назарбаев эл аралык аэропортуна конду.
Президент Садыр Жапаровду Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Алтай Кульгинов тосуп алды.

Сапардын жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров «Диалог аркылуу кыйынчылыктарды жеңүү: кызматташтык, өнүгүү жана прогресс жолунда» темасындагы форумдун пленардык сессиясына катышат. Ошондой эле бул диалогдук аянтчанын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландаштырылууда.
Форум Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин патронажы астында өтүп жатат, анда тышкы саясат жана эл аралык коопсуздук, эл аралык өнүгүү жана туруктуулук, энергетика жана климаттын өзгөрүшү жөнүндө сөз болот.