Кыргызстандын керемети болгон Ысык-Көлүбүздү жамандаган адамдын видеосу тарады

Социалдык тармактарда vakhobrooklyn аттуу колдонуучу Кыргызстандын керемети болгон Ысык-Көлүбүздү жамандап, аны “көлчүккө” салыштырып, досунун айткандарын айтып, видео тарткан.

Видеодо ал Кыргызстандагы ыйык Ысык-Көлгө карата досунун терс пикирин айткандарын коомчулукка ачыктап, Маямини мактаганын билдирген. Видеодо ал сөгүнгөн сөздөрүн да угууга болот.

Учурда видео кызуу талкуу жаратып, соцтармактын колдонуучулары бул адамдан кыргыз элинен кечирим суроону талап кылышууда.