“Адал” тамеки тууралуу маалыматты текшеребиз

Tik Tok социалдык тармагында “адал” тамеки тууралуу маалымат тарады. Аны жарнама кылган айым төмөндөгүдөй билдирүү жасаган:

“Өзүм дагы чектим достор. Даамы чөпкө окшош. Кыст Аль-Хиндинин эле порошогу болгону үчүн чөптүн даамы келет жана муну чеккенден кийин кадимкидей өпкөн эс алып, дем алып, сенде үйдүн дагы абасы жетпей калат экен. Терезени ачып сырттагы бадан дем алып ушундай дем алуу жолдору жакшырат экен. Бул кадимки тамекини таштоо үчүн”, – дейт ал.

Видео @Sunnamed7 баракчасында үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинде жарыяланган. 

Bulak.kg бул маалыматты текшерип көрдү. 

“Кыст Аль-Хинди”  деген эмне?

Кыст Аль-Хиндини кээ бир учурларда “Спираль имбири” деп аташат. Ал антисептик, антибактериалдык элдик каражат катары колдонулат. Бул өсүмдүк – Гималай, Чыгыш Индия, Бангладеш, Кытай, Индонезия, Таиланд, Лаос жана башка Түштүк Азия аймактарында 700-1400 метр бийиктикте өсөт. Elsevier басылмасына тиешелүү болгон ScienceDirect сайтында “Saussurea costus: аюрведиялык дары өсүмдүгүнө ботаникалык, химиялык жана фармакологиялык сереп” деген аталышта материал жарыяланган. Анда өсүмдүкИ ндияда, Тибетте, Кытайда жана Кореяда элдик медицинада  көп колдонулган белгилүү дары чөп экени айтылат. Анын эң кеңири колдонулушу өпкөнүн сезгенүүсүн, жөтөлдү, суук тийүүнү, жараны жана ревматизмди дарылоодо болгону жазылат. 

Видеодогу кыз ким?

Тамекени чегип көргөнүн айтып, сунуштап жаткан кыздын аты-жөнү – Сариева Ажар.  Ал тууралуу башка маалымат табууга мүмкүн болгон жок. Ал эми видеодо көрсөтүлгөн номерди Get contact  аркылуу текшергенде, тиркеме эч кандай маалымат чыгарып берген жок. 

image 3 "Адал" тамеки тууралуу маалыматты текшеребиз
image 2 "Адал" тамеки тууралуу маалыматты текшеребиз

Казакстан Республикасында  “Кыст Аль-Хинди”  пандемиянын башталышында кеңири жайылган. Казакстандыктар аталган өсүмдүктүн тамырын СOVID-19ду алдын алуу максатында чегишкен. Бирок, Stopfake.kz сайты  Кыст Аль-Хинди тууралуу изилдөө жасап, аны чегүү сасык тумоо жана башка оорулар менен күрөшүүдө эффективдүүлүгү далилденбегенин жана мындай жол менен дарылануу кооптуу экенин белгилешкен.

Дарылык касиети бар экени айтылып жаткан тамекинин кутучасында күмөн жараткан маалыматтар бар.  Биринчиден, “Халал”  жана “ 100% табигый”,- деп жазылган.xIfdQ90k1KD6ZPWlHlplWipkhOAsMPrQ0GjTCFZ2od6RyAE3BR FMx9 FVq7cdRnnXCMwxB vMQb2m99bROo5 "Адал" тамеки тууралуу маалыматты текшеребиз

Бирок, Instagram  жана Tik-Tok баракчаларында жогорудагы маалыматты тастыктаган сертификаттар көрсөтүлгөн эмес.  Экинчиден, жасалган күнү жана колдонуудагы терс касиеттери жөнүндө маалымат берилген эмес.  

“Суннамед”  эмне кызмат аткарат? 

Суннамед – сулуулук жана ден-соолукка багытталган чыгыш товарлары дүкөнү. Бул тууралуу алардын Инстаграм баракчасынын логотибинде жазылган. Суннамед буга чейин Bereke.Box деген ат менен кызмат алып барган. Аталган дүкөндүн Инстаграм баракчасындагы маалыматка караганда, Суннамед медицина тармагында иш алып барат.

Дүкөндүндүн Тик Ток жана Инстаграм баракчалары бар. Sunnamed7 баракчасы 30-марттан баштап Тик Ток социалдык тармагында иш алып бара баштаган. Учурда 48 видеосу жана 4361 катталуучусу бар. Анын ичинен дээрлик жарымына жакыны, тагыраак айтканда, 20 видео сөз болуп жаткан “Кыст Аль-Хинди”  өсүмдүгүнүн тамырынан жасалган тамекиге тиешелүү. 

image 5 "Адал" тамеки тууралуу маалыматты текшеребиз

Ошону менен бирге Инстаграмда @sunnamedkg_  баракчасы аркылуу кызмат көрсөтүшөт.

image 4 "Адал" тамеки тууралуу маалыматты текшеребиз

Жогорудагы эки баракча аркылуу алардын «Sunnamed» аталышындагы  дүкөнү бар экендигин тактадык.Кыргыз Республикасынын юстиция министирлигинде  «Суннамед» жоопкечилиги чектелген коому (ЖЧК)  аталышында ушул жылдын 27-мартында  катталып, ээси катары Кубатов Азатбек Икрамиддинович   көрсөтүлгөн. Компания дүңүнөн сатык кылуу менен алектенет. 

image 6 "Адал" тамеки тууралуу маалыматты текшеребиз
image 7 "Адал" тамеки тууралуу маалыматты текшеребиз

Жыйынтык: Далилденген жок. Кыст Аль-Хиндинин порошогу элдик медицинада колдонулганы менен, медицина илиминде дарылык касиетин тастыктаган маалыматтар жок.