
Бишкектин дээрлик бардык көчөлөрүндө автобустар үчүн атайын тилкелерди ачуу пландалууда. Бул тууралуу вице-мэр Рамиз Алиев билдирди.
Анын айтымында, коомдук транспорт жолдо артыкчылыкка ээ болуп, тыгындарда турбашы керек.
“Биздин концепцияга ылайык, автобустар үчүн өзүнчө тилкелер шаардын дээрлик бардык көчөлөрүнө бөлүп берилет. Коомдук транспорт ушундай иштеши шарт. Ошондо гана айдоочулар автобуска өтүшү мүмкүн”, — деп белгиледи Алиев.
Бишкек бийлиги тыгындарды жоюу боюнча 2030-жылга чейинки концепцияны ишке ашырууда. Бул чаралардын катарына жолдордун тар тилкелерин кеңейтүү, автобус тилкелерин өнүктүрүү, “акылдуу” светофорлорду киргизүү жана жол өтмөктөрүн куруу кирет.






