
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин имаратын кыдырып чыгуу учурунда чет элдик туристтер үчүн Жогорку Кеңешке үзгүлтүксүз таанышуу сапарларын уюштуруу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.
Атап айтканда, төрага акыркы жылдары чет элдик жарандардын кыргыз парламентинин ишмердүүлүгүнө болгон кызыгуусу өсүп жатканын жана Жогорку Кеңештин иши менен таанышууну суранган кайрылуулар көбүрөөк түшүп жатканын белгиледи.
Экскурсиялык программанын алкагында туристтерге музейди, жыйын залдарын кыдырууга мүмкүнчүлүк берүү пландалууда. Мындай сапарлар бекитилген тартипте жумасына бир жолу өткөрүлүп турары болжолдонууда.
Экскурсиялык сапарларды уюштуруу Жогорку Кеңештин ачыктыгын жогорулатууга өбөлгө түзөт жана чет элдик конокторго Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин негизги органдарынын бири катары парламенттин ишмердүүлүгү тууралуу толугураак маалымат алууга мүмкүндүк берет.
Мындан сырткары, коноктор парламенттин белектерди сатып ала турган атайын сувенирдик бурч түзүлдү.
Муну менен катар төрага Жогорку Кеңештин имараты өзгөчө макамга жана стратегикалык мааниге ээ экенин, буга байланыштуу сапарларды уюштурууда коопсуздуктун белгиленген эрежелерин жана парламенттин аймагында болуу тартибин катуу сактоо зарылдыгын баса белгиледи.
Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Жогорку Кеңештин эшиги белгиленген талаптарды жана баруу тартибин сактаган учурда бардык беш жумушчу күнү тең ачык.






