Фактчек: Урмат Самаев камакка алынганда кимдер колдоо көрсөткөн?

Үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинде Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев “Токмок жылуулук” муниципалдык ишканасындагы туруктуу коррупциялык схемага тиешеси бар деп шектелип камакка алынган. Ал эми 29-апрелде 25 млн сом кенемте төлөп, үй камагына чыгарылган. Бул убакта интернет айдыңында мэрди колдогон видеолор, посттор тарап баштаган. 

Bulak.kg автоматташтырылган Youscan программасынын жардамы менен Самаевди соцтармактарда ким колдогонун аныктады. 

Акыркы эки жумада, тагыраагы 17-апрелден 30-апрелге чейин Токмок мэринин ысымы массалык маалымат каражаттардагы жаңылыктарда, социалдык тармактардагы билдирүү, комментарийлерде 2076 ирет жазылган. 

image 2 Фактчек: Урмат Самаев камакка алынганда кимдер колдоо көрсөткөн?

Ал тууралуу нейтралдуу (жаңылыктар), позитивдүү жана негативдүү маалыматтар тараган. Биз Самаевдин ысымын эң көп жазган колдонуучулар ага колдоо көрсөткөндөр экенин аныктадык. Алардын ичинен биринчи жети аккаунт тууралуу баяндайбыз.  

image 3 Фактчек: Урмат Самаев камакка алынганда кимдер колдоо көрсөткөн?
  1. Роза Алиева

Автоматташтырылган система Самаевди колдогондордун сап башында Роза Алиева аттуу Facebook колдонуучусу экенин аныктады. Ал жалпысынан бул ысымды 107 ирет белгилеген. Роза Алиева Самаев камакка алынган күндөн тарта аны колдогон постторду бөлүшө баштаган. Ар бир постунда Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиевди белгилеп, мэрдин жасаган иштери жөнүндө маалыматтарды тараткан. Билдирүүлөрдө “Самаев акталсын!” деген  сыяктуу жазууларды дагы чыгарган. Ошондой эле Токмок элинин Самаевди колдогон видеолорун байма-бай чыгарып турган

image 3 9 Фактчек: Урмат Самаев камакка алынганда кимдер колдоо көрсөткөн?

Роза Алиева бир гана посттор менен чектелбестен, комментарий калтыргандарга жооп кайтарып, активдүү болгон.

image 3 5 Фактчек: Урмат Самаев камакка алынганда кимдер колдоо көрсөткөн?

Колдонуучунун баракчасынан анын Токмок шаарында жашаганын жана буга чейин дагы Токмок мэриясынын билдирүүлөрү менен бөлүшүп келгенин байкоого болот. 

image 4 5 Фактчек: Урмат Самаев камакка алынганда кимдер колдоо көрсөткөн?
image 5 4 Фактчек: Урмат Самаев камакка алынганда кимдер колдоо көрсөткөн?
image 4 4 Фактчек: Урмат Самаев камакка алынганда кимдер колдоо көрсөткөн?
  1. Aska Kojomkulova

Роза Алиева башка колдоонучулардын дагы постторун активдүү бөлүшүп турат. Алардын бири – Aska Kojomkulova.

Kojomkulova Урмат Самаевди колдогондордун катарында. Бул колдонуучу “Акыркы маалыматтар”, “Акыркы жаңылыктар”, “Сонун жаңылыктар”, “Ата-Журтум Кыргызстан” тайпаларында Самаев тууралуу позитивдүү посттор менен бөлүшүп, ал жөнүндө жазылган маалыматтарга өз пикирин калтырып турат. Кожомкулованын баракчасынан анын Токмок шаарынын тургуну экенин көрүүгө болот.

Мэр камакка алынган соң Kojomkulova 59 ирет ага “колдоо көрсөткөн”.

image 3 6 Фактчек: Урмат Самаев камакка алынганда кимдер колдоо көрсөткөн?
  1. Аська Кожомкулова 

Aska Kojomkulova’нын мындан сырткары Аська Кожомкулова аттуу дагы бир баракчасы бар экенин жарыяланган окшош сүрөттөр тастыктайт.

image 5 6 Фактчек: Урмат Самаев камакка алынганда кимдер колдоо көрсөткөн?

Аська Кожомкулова дагы Урмат Самаевди колдоп, анын боштондукка чыгуусун талап кылгандардын бири. Facebook соцтармагында ал мэрдин ысымын 51 жолу жазганга жетишкен. 

image 6 Фактчек: Урмат Самаев камакка алынганда кимдер колдоо көрсөткөн?
image 7 Фактчек: Урмат Самаев камакка алынганда кимдер колдоо көрсөткөн?

Буга чейин Кожомкулова УКМКнын төрөгасы Камчыбек Ташиевди алкыштаган билдирүүлөрдү калтырган.

image 3 12 Фактчек: Урмат Самаев камакка алынганда кимдер колдоо көрсөткөн?
image 3 11 Фактчек: Урмат Самаев камакка алынганда кимдер колдоо көрсөткөн?
image 4 7 Фактчек: Урмат Самаев камакка алынганда кимдер колдоо көрсөткөн?

4. Сауле Муканбетова аттуу дагы бир Facebook колдонуучусу Назгуль Самаева, Эрмат Самаев, Aska Kojomkulova  баракчаларындагы посттор менен бөлүшүп турган. 

image 3 8 Фактчек: Урмат Самаев камакка алынганда кимдер колдоо көрсөткөн?
image 4 6 Фактчек: Урмат Самаев камакка алынганда кимдер колдоо көрсөткөн?

Сауле Муканбетова тайпаларда жана башка билдирүүлөрдө Самаевдин таламын 36 ирет талашкан.

5. Айка Мусаева

Мэрдин кезектеги “тарапташы” – Айка Мусаева. Ал баракчасында саясий жаңылыктар менен байма-бай бөлүшүп келет. Ошондой эле Урмат Самаев жөнүндө жазылган айрым билдирүүлөр менен бөлүшүп, өз пикирин комментарийлерде калтырып турган. 

Мусаеванын баракчасында УКМК башчысы Камчыбек Ташиев, президент Садыр Жапаров жана прокурор Курманкул Зулушевди алкыштаган жана Kaktus Media басылмасынын журналисттерин каралаган билдирүүлөр чыкканын буга чейин Bulak.kg жазган

image 4 3 Фактчек: Урмат Самаев камакка алынганда кимдер колдоо көрсөткөн?
image 5 3 Фактчек: Урмат Самаев камакка алынганда кимдер колдоо көрсөткөн?
image 3 4 Фактчек: Урмат Самаев камакка алынганда кимдер колдоо көрсөткөн?

6. Железная леди

Урмат Самаев Facebook’тан’ тышкары TikTok соцтармагында да активдүү колдоого алынган. Алсак, ЖЕЛЕЗНАЯ ЛЕДИ аттуу колдонуучу мэрге тиешелүү видеолорду жүктөп, “Урмат Самаевге Боштондук!”, “Урмат Cамаев акталсын!”, “Урмат Самаев Токмок эли сиз менен” деген аталыштагы видеолорду жүктөгөн. Белгилей кетчү жагдай, ЖЕЛЕЗНАЯ ЛЕДИ – биз жогоруда сөз кылган, Самевди колдогондордун сап башында турган Роза Алиева аттуу колдонуучу.

image 3 7 Фактчек: Урмат Самаев камакка алынганда кимдер колдоо көрсөткөн?

7. Кундуз Ажибекова

Кундуз Ажибекова дагы Урмат Самаевдин активдүү тарапташтарынын бири. Анын Facebook соцтармагында 17 миң катталуучусу бар. Өзүн “блогер” деп атаган Ажибекова мэр менен бирге түшкөн сүрөтүн жүктөп, ага колдоо көрсөткөн.

image 3 10 Фактчек: Урмат Самаев камакка алынганда кимдер колдоо көрсөткөн?
image 5 5 Фактчек: Урмат Самаев камакка алынганда кимдер колдоо көрсөткөн?

Урмат Самаев деген ким?

Урматбек Самаев 1986-жылы Чүй облусунундагы Онбир-Жылга айылында туулган. 2012-жылы Каракол шаарындагы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юриспруденция адистиги боюнча аяктаган. Спорт менен көп жылдар бою машыгып “Чемпион” аттуу каймана атка ээ болгон Урмат Самаев эмгек жолун 2006-жылы Каракол шаарындагы олимпиадалык резервдеги балдар жана жаштар спорт мектебинде бокс боюнча машыктыруучусу болуп баштаган.

YouTube video

2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодо, “Кыргызстан” фракциясынын 6-чакырылышынын депутаты Урматбек Самаев “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен 200 талапкерлердин ичинен 21-орунда шайлоого аттанган.