
1-февралда 30га чукул адам бейөкмөт уюмдарга каршы митинг уюштурду. Акциянын катышуучулары чет элдик тыңчылар жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышын талап кылып, айрымдары жүздөрүн жаап, журналисттерге интервью берүүдөн баш тартышты.
Bulak.kg митингдин катышуучулары кимдер экенин айтып берет.
Провокациялык акциялардын катышуучулары
Иш-чаранын уюштуруучулары жана спикерлери – активист Илимбек Исраилов менен парламенттин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу. Алар буга чейин дагы бирге митингге чыгышкан.
Бир жыл мурун Kaktus.Media, Kloop жана “Азаттыкка” каршы чыгып, үч басылманы тең “чет элдик тыңчы” деп табууну талап кылышкан.
2021-жылдын март айында Илимбек Исраилов коррупция беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдоо митингине катышкан.
Ал Kloop менен “Азаттыктын” журналисттерине каршы провокация уюштурууга аракет кылган. Исраилов азыркы президент Садыр Жапаров абакта отурганда аны колдоп, акцияларга катышып жүргөн.
2022-жылдын октябрь айында Илимбек Исраилов “Азаттыктын” кеңсесинин жанында митинг уюштуруп, экстремисттик кадамдарга барарын билдирген.
Операторлордун шаймандарын сындырып, күндүз журналисттер иштеп турган учурда келип, кеңсени өрттөп кетерин айткан.
Белгилей кетсек, укук коргоо органдары анын билдирүүлөрүндө Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинде каралган Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу тууралуу кылмыштын белгилери бар экенине карабастан, аларга эч кандай жооп кайтарган эмес жана юридикалык баа берген эмес.
Замирбек Токторов
Иш-чаранын спикерлеринин арасында Замирбек Токторов аттуу жаран да бар. “Жетинчи каналдын” сюжетиндеги маалыматка ылайык Токторов “Кыргызстан НПОсуз кыймылы” уюмунда мүчө. Токторов тууралуу кошумча маалымат ачык булактарда табылган жок.
Бакытбек Мойдунов
31-январда, митингден бир күн мурун Бакытбек Мойдунов менен Илимбек Исраилов Турсунбай Бакир уулу жетектеген “Эркин Кыргызстан” партиясынын атынан пресс-конференция берген. Пресс-конференция учурунда алар “Сорос-Кыргызстан” фондун жабууну жана чет элдик тыңчылар тууралуу мыйзамды кабыл алууну талап кылышкан.
Ачык булактардагы маалыматка ылайык, Бакытбек Мойдунов “Оптом Про” ЖЧКсын жана “Ак-Ниет Садака” кайрымдуулук фондун жетектейт.
“Оптом Про” компаниясы товарлардын кеңири ассортиментин дүңүнөн сатуу менен алектенет.
Сайрагүл Дуулатова
Митингдин катышуучуларынын арасында журналист Сайрагүл Дуулатова дагы болгон.
Cctld.kg ресурсунун маалыматына ылайык, анын ысымына Kadam-media.kg сайты катталган.
Басылма өзүн журналистиканын стандарттарын сактанган маалымат порталы катары тааныштырат.
Белиглей кетсек, 2022-жылдын 28-январында Дуулатова Kaktus.Media басылмасына каршы митингге чыккан.
Ал күнү провокациялык митингдин катышуучусу Ыргалай Бекмуратова митингге Дуулатованын чакыруусу менен келгенин журналисттерге маалымдаган.
Сайрагүл Дуулатова Kaktus Media басылмасына каршы митингде, 28-январь, 2022-жыл
Ыргалай Бекмуратова, Kaktus Media басылмасына каршы митингде, 28-январь, 2022-жыл
Ачык булактардагы маалыматка ылайык, ал 2015-жылы Жогорку Кеңешке “Бир Бол” партиясынын курамында аттанган.
Жыйынтык: бейөкмөт уюмдарга каршы митингге чыккандар буга чейин провокациялык акцияларда байкалгандар.