«Газпром Кыргызстан» 1 100 чакырым газ түтүгүн орнотуп, 30 млрд сом инвестиция кылды

Бишкекте 1-февраль күнү «Газпром Кыргызстан» компаниясы башкы директордун орун басарлары Арзымат Алдаяров жана Марат Сулаймановдун катышуусунда маалымат жыйын өткөрүп, ушул убакка чейин аткарылган иштери жана алдыга коюлган максаттары тууралуу кенен маалымат берди. Анда өкмөттөр аралык келишимде көрсөтүлгөн талаптардын бардыгын компания 100 пайызга аткарганы белгиленди.

Акыркы беш жылдын ичинде газ инфраструктурасын модернизациялоого жана реконструкциялоого кеминде 20 млрд сом өлчөмүндөгү инвестиция жумшалып, газ тармагын калыбына келтирүү үчүн 30 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган. Андан тышкары жабдууларды жана магистралдык газ өткөргүчтөрдү өнүктүрүү жана модернизациялоо иштери жасалганы менен Кыргызстандын өкмөтү тарабынан аткарылчу иштер аягына чыга элек экени белгиленди.

Бирок мамлекеттик же бюджеттик ишканалардын газга болгон төлөмдөрүн төлөө бүгүнкү күндүн талабы экенин баса белгилешет. «Газпром Кыргызстан» ишканасына андай төлөмдөр мамлекет тарабынан бир жылга чейин созулуп берилиши компаниянын каржылык акыбалына терс таасирин тийгизип, инвестициялык программаны каржылоого бөгөт коюп жатканын айтты. Ошондой эле өкмөт, парламент жана коомчулук тарабынан жаңы конуштарды газдаштыруу талабы коюлганы менен жарандар финансылык абалына байланыштуу газга кошулбай келет.

photo1675254443 «Газпром Кыргызстан» 1 100 чакырым газ түтүгүн орнотуп, 30 млрд сом инвестиция кылды


Кыргызстанда Советтер союзу мезгилиндеги 1971-72-жылдардан жана эгемендүүлүктү алгандан берки жалпы 50 жылдан ашуун убакытта 2800 чакырымдай газ түтүктөрү орнотулса, газдаштыруу ишин 2016-жылда баштаган «Газпром Кыргызстан» компаниясы акыркы алты жылда 1 100 чакырым газ түтүгүн орнотууга үлгүргөн. Жалпысынан 42 калктуу пунктка газ берилип, газга кошулган 100 миң абоненттин пайда болушу компаниянын жемиштүү ишинен кабар берерин айтышат.


Ал эми убагында «Кыргызгаз» Ачык акционердик коому 1 гана долларга сатылган деген сөз болбогон кеп экенин, чын чынына келгенде практикада ал ишкананын карыздарын төлөө, чирип калган түтүктөрүн оңдоого далай күч талап кылынып, 65 млн доллар кеткени да белгиленди.

Маалыматка ылайык кийинки 3-4 жылдын ичинде газга кошула элек конуштарды газдаштыруу боюнча Бишкек мэриясы менен биргеликте «Жол картага» кол коюлду. «Газпром Кыргызстан» компаниясынын акыркы жылдарда аткарган иштери энергетикалык коопсуздукка дагы, экологиялык акыбалга да таасир эткенин жана иштеп жаткан сегиз жылдан бери калк үчүн бекитилген чыгашалуу тарифти карманып келет.

Ошондой эле Кыргызстандын керектөөчүлөрү үчүн жаратылыш газын үзгүлтүксүз берип, социалдык багыттагы тарифти колдоого жумшалган субсидиянын суммасы 5 млрд сомдон ашып кеткени айтылды.

YouTube video