Сергей Лавров: “Мен “Кыргыз вискисин” тандайм”

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров өз маегинде журналисттин берилген суроосуна жооп берип жатып, ага белекке берилген орусиялык “Прасковейское” вискисин татып көрүүгө азырынча үлгүрө электигин, анткени азыр анын приоритетинде “Кыргыз вискиси” бар экенин билдирди.

“Мага, менин оюмча, “Прасковеевка” деп аталган вискинин түрүн белекке беришкен. Бирок менин приоритетимде “Кыргыз виски” деген бөтөлкө турат”, – деди Лавров “Россия 24” телеканалына берген маегинде.