Россия “кара тизмеге” кирген өлкөлөрдү жарыялады

Россия «дос эмес» өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады. Бул тууралуу Россия Федерациясынын өкмөтүнүн расмий сайтында маалымдалат.

Маалыматка караганда, буйрук президенттин 2022-жылдын 5-мартындагы “Айрым чет өлкөлүк кредиторлордун алдындагы милдеттенмелерди аткаруунун убактылуу тартиби жөнүндө” жарлыгынын алкагында даярдалган.

Кара тизмеге Австралия, Албания, Андорра, Улуу Британия, анын ичинде Жерси, Англия, Британ Виргин аралдары, Исландия, Канада, Норвегия, Корея, Түндүк Македония, Сингапур, АКШ, Тайвань, Украина,Швейцария, Япония жана башкалар кирген.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын май айында Орусиянын өкмөтү «дос эмес» өлкөлөрдүн тизмесин түзгөн. Ага АКШ менен Чехия кирген. Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров аталган тизмеге эч бир өлкө себепсиз киргизилбей турганын, терең талдоо жүргүзүлгөндөн кийин гана чечим кабыл алынарын белгилеген.