Митингде милиция бир жаранды кармап кетти

Бүгүн, 8-мартта Бишкек шаарында аялдардын укугуна арналган жөө
жүрүштө милиция кызматкерлери тарабынан бир жигит кармалды.

Буга чейин иш-чаранын уюштуруучулары жана милиция жөө жүрүштө башка өлкөлөрдүн туусун көтөрбөөгө, чагымчылдыкка алдырбоого жана иш-чараны саясатташтырбоого чакырышкан.

Ошондой эле башка мамлекеттердин жетекчилеринин ысымы жазылган плакат жана
тууларды колдонбоону суранышкан.


Кармалган жигиттин жанындагы кыздын айтымында, алар Кыргыз ССРнын желегин
кармап турушкан. Ошол учурда желекти белгисиз адам жулуп алып, качкан.

Ага каршылык көрсөтүүгө аракеттенген жигитти милиция кармап кетти.