Президенттин жогорку кызматка келген кудалары

Иликтөөчү журналисттер өлкө башчысы Садыр Жапаров кудаларынын мамлекеттик кызматтарга келүүсүн ачыктаган.

Жапаров бийликке келгенден кийин Турусбек Түмөнбаев, Таштанбек Каймазаров, Алмазбек Акматов, Айдар Адылбеков,  жана Азамат Шаршенбиев  аттуу кудалары жогорку кызматтарга дайындалган.

1.Турусбек Түмөнбаевди Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу кызматы учурунда  2020-жылдын 21-октябрында  “Унаа” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси кылып бекиткен

Factcheck.kg  сайты Турусбек Түмөнбаев Садыр Жапаровдун эжеси Акат Джапарованын жолдошу Таалайбек Түмөнбаевдин бир тууганы экенин аныктаган. Ал эми, Temirov Live командасы президенттин кудасы жетектеген “Унаа”  ишканасы 2021-жылдын 21-июлунда 527,7 млрд сомго тендер жарыялап, аны “Гознак” компаниясы утуп алганын аныктаган. Аны менен бирге, аталган компания Түмөнбаев негиздөөчүсү болгон “Континент Плюс” менен бирге-бир компаниялар тобуна кирерин аныктаган.  Аталган иликтөө коомчулукта резонанс жаратып, 2021-жылдын 13-сентябрында Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Түмөнбаевди аталган кызматтан бошоткон. Бирок, кийин “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп дайындалганын Temirov live командасы 2023-жылдын 27-мартында Фейсбук баракчасына жазып чыккан. Бул тууралу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымат берген эмес

Түмөнбаев Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында 1966-жылы 10-апрелде төрөлгөн. 

YouTube video

2. Таштанбек Каймазаровду Садыр Жапаров 2020-жылдын 21-октябрында Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы кылып дайындаган.  

Ал 1966-жылы 25-июлда Талас облусунда төрөлгөн. Каймазаров Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунда “мугалим” адистиги жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “юрист- укук таануучу” адистиги боюнча билим алган.  

Facktcheck.kg Таштанбек Каймазаровдун уулу Санжар Каймазаров  мамлекет башчынын жээни Айгерим Канатбекованын жолдошу экендигин далилдеген.

3. Алмазбек Акматов 2021-жылдын 16-апрелинде президенттин жарлыгы менен  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалган. Ал эми Temirov Live каналы 2022-жылдын 11-мартында алардын туугандык байланышын иликтеп чыгышкан. 

YouTube video

Акматов Алмазбек Ысык-Көл облусунуна караштуу Жети-Өгүз районунун Дархан айылында туулган. Кыргыз улуттук  университетинде экономика багытында билим алган. Журналисттер анын Садыр Жапаровдун бийликке келүүсү менен карьерасында болгон өзгөрүүлөрдү белгилешкен. Ага чейин Эсептөө палатасынын Түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы болуп эмгектенген Акматов 2021-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору болуп бекитилген. Андан эки ай өтпөй төрага болуп дайындалган. Акматов бүгүнкү күнгө чейин бул кызматты аркалап келет.  

Temirov Live’тын изилдөөсүнө таянсак, Президент Садыр Жапаровдун эң кичүү иниси Жапаров Аскарбек Нуркожоевичтин жубайы Акматова Мээрим Чериковна болот. Ал эми кызматка дайындалган адам, дал ошол Мээрим Акматованын туугандары. 

4.Айдар Адылбеков 2021-жылдын 28-апрелинде “Чыгышэлектронун” коммерциялык иштер боюнча башкы директорунун орун басары кызматына келген. 

Анын Президентке куда болорун Temirov Live аныктап чыккан. Маалыматка караганда, Айдар Адылбеков Садыр Жапаровдун карындашы Салтанат Жапарованын кайындары болот. Тагыраагы, Салтанат Жапарованын жолдошу Данияр Акматжановдун тууганы экени аныкталган.

YouTube video

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Айдар Адылбеков көп жылдан бери өлкөнүн энергетика тармагында эмгектенгенин жана ал мамлекет башчынын түздөн-түз кудасы эмес, болгону кичүү карындашынын алыскы кудалары экенин айткан. Ошондой эле Эрбол Султанбаев, Садыр Жапаров Айдар Адылбеков менен жеке тааныш эместигин жана ал  менен эч качан жолуккан эместигин белгилеген.

5.Азамат Шаршенбиев Жапаровдун чоң кызматка дайындалган дагы бир кудасы. Ал 2023-жылдын 11-апрелинде “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын экономика, каржы жана мамлекеттик органдар менен өз ара кызматташтык боюнча орун басары болуп дайындалган

“ПолитКлиника” медиасы жогорку кызматка дайындалган Азамат Шаршенбиев жөнүндө иликтөө жасап, аты аталган жаран президенттин кудасы экенин аныкташкан. Маалыматка ылайык, Азамат Шаршенбиев Ысык-Көл облусундагы Алышпаев атындагы кооперация институтунда жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде билим алган.  

Азамат Шаршенбиев, Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматовдун агасы  Черик Акматовдун уулу болот. Ал эми Черик Акматовдун кызы Мээрим Акматова Садыр Жапаровдун иниси Аскарбек Жапаровдун жубайы экендиги аныкталган

Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 29-январындагы   «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» жарлыгында “кадрларды конкурстук тандоону өркүндөтүү” керектиги жазылган

Ал эми президент буга чейин кадр саясатын калыс жүргүзүү жана туугандарды жогорку кызматка дайындабоо тууралуу бир нече ирет убада берип келген.