Элдар Абакиров: “Азаттык” Кыргызстанды өнүктүрүүгө эң жакшы инструмент, – видео

Экономист Элдар Абакиров Вulak.kg редакциясына берген маегинде “Азаттык” берүүсү бүгүн эле түптөлгөн эместигин, анын бай тарыхы бар, тээ 1992-жылдан бери иштеп келатканын, 32 жылдык тарыхы бар экенин белгиледи.

Ал ошондой эле, бийликтегилер мындай таза, көз карандысыз маалымат каражатын өлкөнү өнүктүрүүгө, акыйкат маалымат берип жаткандарга жол тоспой, тескерисинче, аларга колдоо көрсөтүү керектигин колдонушса болоорун белгиледи.

Андан сырткары, Абакиров сөз эркиндиги, аталган медианын тажик тарап тууралуу сындалып жаткан материал тууралуу да өз оюн билдирди.