УТРКнын логосунда педофилиянын символу тартылганбы? Текшеребиз

13-февраль күнү Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (УТРК) өзүнүн логотибинин дизайнын жаңылады. Бул тууралуу маалымат телеканалдын соцтармактардагы расмий баракчасында жайгаштырылган. Белгилей кетсек, буга чейин УТРК жаңыланган логотибин чыгарганда журналисттер ал Ооганстандын 1TV Kabul каналынан көчүрүлүп алынганын аныкташкан.

pasted image 0 УТРКнын логосунда педофилиянын символу тартылганбы? Текшеребиз

Соцтүйүндөрдө бүгүн пайда болгон маалыматтарга ылайык, жаңыланган дизайнда педофилиянын символу бардай туюлат.

Bulak.kg бул маалыматтын чын-төгүнүн текшерип көрдү.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 13-февралында УТРК Facebook соцтармагындагы баракчасынын сүрөтүн жаңылады.

pasted image 0 1 УТРКнын логосунда педофилиянын символу тартылганбы? Текшеребиз

Кызыгы эң башкы телеканалдын аккаунтунда сүрөткө пикир калтыра ала турган адамдардын тизмеси чектелген.

Бул жолу соцтүйүндөрдүн колдонуучулары телеканал педофилдердин логотибин уурдап алды деп жазып чыгышты.

pasted image 0 2 УТРКнын логосунда педофилиянын символу тартылганбы? Текшеребиз
pasted image 0 3 УТРКнын логосунда педофилиянын символу тартылганбы? Текшеребиз

Алар бөлүшкөн сүрөт боюнча издөө салганыбызда чынында эле логотип педофилиянын символу экендиги тууралуу маалымат чыгууда.

pasted image 0 4 УТРКнын логосунда педофилиянын символу тартылганбы? Текшеребиз

1993-жылы жоголгон баланы издөө иши менен алек болгон агенттер, педофилдер Интернет аркылуу жашы жете электердин сексуалдык мүнөздөгү сүрөттөрүн таратканын аныкташкан. Бул тууралуу АКШнын Федералдык иликтөөлөр бюросунун (ФИБ) сайтында жазылган.

2016-жылдын апрелинде ФИБ педофилдер эмнени каалап жатканы тууралуу белгилерди бере алган символдорду табышканы тууралуу маалыматтар ЖМКга тараган.

Материалда айтылгандай, кабатталып көк спираль өңдүү үч бурчтук менен курчалган символдордун бири BoyLover логотиби экени белгилүү. Аны жаш балдарды каалаган педофилдер колдонушат.

Кичинекей үч бурчтук кичинекей баланын элесин берсе, чоңу – чоң кишинин элесин чагылдырат.

BoyLover логотиби балдарды кааалган педофилдер тарабынан колдонулат.

1 5 УТРКнын логосунда педофилиянын символу тартылганбы? Текшеребиз

Башкасын – алардан да кичүү балдарды каалагандар колдонушат. Бул LittleBoyLover логотиби катары белгилүү символ да жаш бала ийри кылып тарткан көк үч бурчтуу спираль болуп көрүнөт.

Ал эми GirlLover деп аталган логотипте жүрөктүн ичинде жүрөкчө тартылып, педофил-эркек жаш кыздарды каалайт дегенди түшүндүрөт.

Гендердик айырмачылыкка карабаган педофилдер көпөлөк түрүндө жүрөкчөлөр менен тартылган ChildLover логотибин колдонушат.

Бул логотиптердин бардыгын бир документке чогултуп, ФИБ кызматкерлери бүткүл өлкө боюнча укук коргоо органдарына тараткан. Ошол кезден бери документ коомчулуктун мүлкү болуп калган.

Жыйынтык: жарым-жартылай чындык.

ФИБ берген маалыматтарга ылайык, спираль өңдүү көк үч бурчтук педофилиянын символу болуп эсептелет. УТРК логосунун бир бөлүгүндө ак спираль өңдүү үч бурчтук чагылдырылган.