Атамбаев: “Жээнбековду Кудай өзү жазалайт”

Бүгүн, 14-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Молдовановкада жайгашкан № 27 түзөтүү колониясынан эркиндикке чыкты. Журналисттер тарабынан ага «Сооронбай Жээнбековду кечирдиңизби?» деген суроо узатылды.

«Мен артынан сая түшүп отурбайм. Кудай өзү жазалайт. Кыргызда жакшы сөз бар: Кудайга койдум»,-деди Атамбаев.