«Түркияда тигилген боз үйлөр казак элине таандык” деген видео тууралуу ӨКМ билдирүү таратты

«Түркияда тигилген боз үйлөр казак элине таандык” деген видеомаалымат тууралуу соцтармактарга тарап, көрөрмандардын кызуу талкуусун жаратууда. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирүү таратты.

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапародун демилгеси менен жер титирөөдөн жабыркаган түрк боордошторго боз үйлөр гуманитардык жардам катары 12-13-февралда жөнөтүлгөн.

Ал эми 13-февралда өздүк курам менен биргеликте Түркия Республикасына учуп кеткен Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кахраманмараш шаарынан бөлүнгөн тилкеге тигилген боз үйлөр шаарчасына барып, кыргыз элинен келген жардамды жергиликтүү уюштуруучуларга өткөрүп берет.

«Кыргыздын боз үйү деп жарнамалап жаткан үчүнчү тарапка жооп иретинде — кезинде кыргыздын баалуулугун, маданиятын чагылдырган боз үйү Дүйнөлүк мурастардын катарына катталган», — деп айтылат маалыматта.