Мен Испанияда дарыланууга милдеттүүмүн, – Атамбаев

Бүгүн, 14-февралда абактан чыккан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дарылануу үчүн кайсы өлкөгө барууну пландап жатканына токтолду.

«Социнтерндин чакыруусу бар. Жеке чакыруу Испаниянын премьер-министринен болгон. Ал өзү мени бошотуу үчүн байланышкан. Мен ага жана Испаниянын өкмөтүнө ыраазымын. Мен Испанияда дарыланууга милдеттүүмүн. Социалисттик интернационалдын башкы катчысы Луис Айала абакка жеке өзү келип кеткен»,- деди ал.

atambaev 1024x461 1 Мен Испанияда дарыланууга милдеттүүмүн, - Атамбаев