Испанияга качып кеткен адам Кыргызстанга эктрадицияланды

Кыргызстанда бир жаранды бычактап, Испанияга качып кеткен адам Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2021-жылы Э.уулу.А. аттуу айыпталуучу А.Б. аттуу жаранды бычактап, ден-соолугуна оор зыян келтирип, өлкөдөн качып кеткен. Ага карата укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөө жарыяланып, ал Испаниянын Мадрид шаарында кармалган.

Башкы прокуратуранын айыпкерди экстрадициялоо тууралуу суроо-талабы Испаниянын Юстиция министрлиги тарабынан канааттандырылып, 22-февралда ал ИИМ кызматкерлери тарабынан Бишкекке алынып келинген.