Тажикстанга 3 тонна пияз ташып бараткан жаран кармалды

Кыргызстандан Тажикстанга 3 тонна пиязды мыйзамсыз ташып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 22-февралда Баткендин Лейлек районунун Сада жерлигинде 47 жаштагы Х.К. аттуу жаран Benz Sprinter унаасы менен 3 тонна пиязды Тажикстанга мыйзамсыз ташып өтүүгө аракет кылган.

Аталган жаран кармоо учурунда каршылык көрсөткөн.

Документтер толтурулгандан кийин айдоочу, унаа жана жүк тиешелүү органдарга өткөрүп берилген.