Тоңдун тургуну сайлуу жана сайсыз ок атуучу куралдарды үйүндө мыйзамсыз сактап жүргөн

Тоң РИИБдин  ЭММКАКнын кызматкерлерине ыкчам маалымат келип түшүп, анда Тоӊ районунун “Жони” аттуу тургуну сайлуу жана сайсыз ок атуучу куралдарды үйүндө мыйзамсыз сактап жүргөндүгү маалымдалган. 

Аталган маалымат райондук милициянын маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш чаралардын натыйжасында, милиция кызматкерлери тарабынан маалыматта көрсөтүлгөн жарандын өздүгү аныкталган. Ал, Тоң районунун Темир-Канат айылынын 1974-ж.т. И. Ж. аттуу тургуну болуп чыкты жана анын үйүндө мыйзамдуу тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Жыйынтыкта, 1 даана сайсыз, 1 даана сайлуу ок атуучу куралдар жана 1 даана сыртында салунуучу кыны менен жыгач саптуу бычак табылган. Ошондой эле, “Макаров” тапанчасынын 15 даана, сайлуу ок атуучу куралдын 9 даана октору, 12 даана гильзалар жана 5 даана желим гильзалары табылып далил зат катары алынган.

Izobrazhenie WhatsApp 2023 02 16 v 14.43.55 Тоңдун тургуну сайлуу жана сайсыз ок атуучу куралдарды үйүндө мыйзамсыз сактап жүргөн

Текшерүү жүргүзгөндө, алынган ок атуучу куралдардын тийиштүү уруксат кагаздары жоктугу аныкталган.

Аталган факт боюнча тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 267 (Куралды, ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары уланууда.

Izobrazhenie WhatsApp 2023 02 16 v 14.51.04 Тоңдун тургуну сайлуу жана сайсыз ок атуучу куралдарды үйүндө мыйзамсыз сактап жүргөн