Талас шаарында мыйзамсыз ок атуучу курал алынды

Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматта айтылгандай, Талас шаарынын Турдалиев көчөсүндө жайгашкан “Ак Жар” мончосунун жанында автоунаада мыйзамсыз курал жарак бар деген билдирүү түшкөн.
Аталган билдирүү Талас ШИИБдин маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.
Оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө Фолкьцваген-Венто үлгүсүндөгү унаадан сайлуу ок атуучу курал жана ок даарылар табылган. Алдын ала текшерүү учурунда Талас шаарынын 1986-ж.т. М.У., сайлуу ок атуучу куралын жана 46-даана ок даарыларды өзү менен тең К. уулу А.га сатканы жаткандыгы аныкталган.
Учурда Кыргыз Республикасынын КЖКнин 267-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат
“, – деп айтылат маалыматта.